Загрузка документа…
КУРАМА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Курама айылдык кеңештин депутаттарынын 9-чакырылышынын кезексиз VII-сессиясы
2021-жылдын 1-декабры № 30
Бюджеттин киреше бөлүгүнө кошумча түшкөн 408,0 миң сом суммасында акча каражатын, ошондой эле “ТЖК” бөлүмүнүн “Көчө жарыктандырууларын сатып алуу” беренесинен “Мамлекеттик кызмат” бөлүмүнүн 223 “Электроэнергияга төлөө” беренесине 400,0 миң сом акча каражаттарын жылдыруу жөнүндө
Курама айыл өкмөттүн каржы-экономикалык бөлүмүнүн башчысынын милдетин убактылуу аткаруучусу Б.К.Космосаалыевдин берилген материалдарын карап чыгып жана айылдык кеңештин туруктуу бюджеттик комиссиянын протоколунун негизинде, ошондой эле Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” жана “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” мыйзамдарын жетекчиликке алып, Курама айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бюджеттин киреше бөлүгүнө кошумча түшкөн 408,0 миң сом акча каражатын жана “ТЖК” бөлүмүнөн 222 “Көчө жарыктандырууларын сатып алуу” беренесинен 400,0 миң сом акча каражаттарын “Мамлекеттик кызмат” бөлүмүнүн 223 “Электрэнергияга төлөө” беренесине жылдыруу жүргүзүсүнө уруксат берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин туруктуу бюджеттик комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Р.Р. Мамбеталиев |