Редакцияот 02.03.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

САЛАМ-АЛИК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Салам-Алик айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз X сессиясы

2022-жылдын 2-марты № 48

Кыргыз Республикасынын Президентинин үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумдарды эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча жарлыгын аткарууга алуу жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Президентинин үй-бүлөлүк салтанаттарды, маркумдарды эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча жарлыгын аткарууга алуу жана улуттук маданияттын баалуулуктарын коргоо,элдик каада салттарга сый мамиле кылууну калыптандыруу, жарандардын жашоо деңгээлин жана сапатын көтөрүүнүн кызыкчылыгын гана көздөп, элдин саламаттыгын жана адеп-ахлагын коргоону камсыз кылуу максатында Салам-Алик айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдагы 24-февралындагы “Үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндөгү” Жарлыгы жетекчиликке алынсын

2. Салам-Алик айыл өкмөтүнүн айылдарындагы каада-салттарды, салтанаттарды жана үрп-адаттарды тартипке келтирүү боюнча үйлөнүү үлпөтүн, үй-бүлөлүк мааракелик салтанаттарды, маркумду эскерүү үрп-адаттарын жана маркумга арналган иш чараларды өткөрүүнүн тартиби жөнүндөгү Жобо бекитилсин (тиркелет №1)

3. Аталган маселелерди калк арасында кеңири түшүндүрүү иштерин жүргүзүү айыл башчыларга, имамдарга, мекеме уюмдун жетекчилерине, айылдык кеңештин депутаттарына жүктөлсүн

4. Токтомду көзөмөлдөө жагы “Билим берүү, маданят, жаштар уюму, спорт, саламаттыкты сактоо жана социальдык маселелер, дин иштери тармактары” боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Төрайым

Б.Калмурзаева

 

 

Тиркеме № 1

Салам-Алик айылдык кеңешинин

VII-чакырылыш кезектеги X-сессиясынын

2022-жылдын 2-мартындагы № 48 токтому менен бекитилген

 

Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасындагы үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумдарды эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндө жарлыгына Салам-Алик айыл өкмөтүнүн

Жобосу

1. Үй-бүлөлүк иш-чарларды, негизсиз чыгашаларды жоюуда жана ысырапкерчилике жол бербөө жөнүндө калк арасында кеңири маалыматтык түшүндүрүү иштерин жүргүзүү менен ашыкча чыгымдарды кыскартуу жана бөгөт коюу ашыкча салттары жоюуу.

2. Маркумду акыркы сапарга узатуу, маркумду эскерүүдө кара-мал, жылкы союуга тыюуу салынат, сойуштун чектөөсү 2 койдон ашпашы керек.

3. Салтанаттарды жана маркумду акыркы сапарга узатууга арналган иш чараларды жогоруудагы жобо менен жөнгө салуу иштерин ар бир айылда түзүлгөн туруктуу коммиссияга тапшырылат.

4. Үйлөнүү үлпөт тойлорду өткөрүүдө жана башка мааракелерди өткөрүүдө ашыкча акча каражаты жумшалбайт жана тамак аштын жасалуусу кыскартылат.

5. Маркум каза болгондогу анын бейшембилиги жоюлат жана катмы окутуу, жылдыгында, кырктыгында өзүнүн туугандарынын катышуусунда куран окутулат, бир же эки баш койдон ашыкча союлбайт.

6. Маркумдун жылдыгын эскерүү күнүндө чоң мал, жылкы союлбайт, каада салтта жок катмы деген өткөрүлбөйт.

7. Тойлордо, маркумдарды эскерүү күндөрүндө себет жасоо, кийит кийгизүү деген чыгымдарга жол берилбейт.

8. Өзүмчүлдүктү көрсөткөн, адепсиздике, өзүм билемдикти камтыган башка жана бузуку иштерди жасаган атуулдарга Кыргыз Республикасынын тиешелүү мыйзамдарына ылайык жазаланат.

9. Жогорудагы иш-чарларды аткаруу бардык жарандарга, айыл башчыларга, коомдук жана диний уюмдарынын өкүлдөрүнө, мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерге жайылтылат.