Редакцияот 02.03.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

САЛАМ-АЛИК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Салам-Алик айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз X сессиясы

2022-жылдын 2-марты № 49

Жайыт пайдалануучулардын акы төлөөсү жөнүндө

“Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесинин 4-пунктуна ылайык Салам-Алик айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Салам-Алик айыл аймагынын жайыт пайдалануучулары үчүн ар бир шарттуу малдын башына 100-00 сомдон жайыт акы алынсын.

 Тактап айтканда :     Кой-эчкиге      20-00 сом;

                      Жылкыга       100-00 сом;

                    Кара малга      100-00 сом;

2. Райондун аймактарынан келген жайыт пайдалануучулар үчүн ар бир баш шарттуу малдын башына 150-00 сомдон жайыт акы алынсын.

   Тактап айтканда:    Кой-эчкиге      30-00 сом;

                      Жылкыга       150-00  сом;

                      Кара малга     150-00  сом;

3. Малчы чабанга мал баккандыгы үчүн эмгек акы:

                      Кара малга       300-00  сом;

                      Кой-эчкиге        85-00  сом;

4. Элдин малын баккан малчы-чабандар жаз мезгилинде 15-апрелден кийин жатакчылар 1-майдан кийин жайлоого көчүп чыгышсын.

5. Элдин малын баккан малчы-чабандар күз мезгилинде 20-сентябрдан кийин, жатакчылар 10-сентябрдан кийин жайлоодон көчүп келишсин.

6. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Салам-Алик өкмөтүнүн жайыт комитетине милдеттендирилсин.

7. Токтомду көзөмөлдөө жагы Салам-Алик айылдык кеңешинин айыл жана токой чарба тармактары боюнча туруктуу комиссияга тапшырылсын.

 

Төрайым

Б.Калмурзаева