Загрузка документа…
САЛАМ-АЛИК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Салам-Алик айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз X сессиясы
2022-жылдын 2-марты № 50
Салам-Алик айылындагы муниципалдык эски мейманкананы жана анын айланасындагы 0,50 га жер участогуна ижара акысынын суммасын бекитүү жөнүндө
Салам-Алик айыл өкмөтүнө караштуу Салам-Алик айылындагы 72 чарчы метрди түзгөн мейманкананын имаратын 5-06-16-1001-0419-санду идентификациялык коду менен 0,50 га жер участогу Салам-Алик айыл өкмөтүнүн 2007-жылдын 22-ноябрындагы №86 токтому менен ишкер Карашев Азимге 49 жылга убактылуу пайдаланууга ижарага берилген жана ошол эле убакта эки тараптуу келишим түзүлгөн. Келишимдин шарттарында имаратты өз эсебинен капиталдык ремонт жасагандыгы үчүн ижара акысы 5 жыл ичинде төлөбөөсү белгиленген же болбосо 2008-2012-жылдар үчүн төлөбөөсү белгиленген. 2013-жылдан азыркы мезгилге чейин ижарачы тарабынан эч кандай келишимдин шарттары аткарылган эмес. Өзгөн райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким М.С.Раматовдун жана райондук мекеме-уюмдардын жетекчилеринин катышуусунда болуп өткөн Салам-Алик айыл өкмөтүнүн 2022-жылдын 22-февралында болуп өткөн жалпы элдик жыйында бул маселе жергиликтүү тургундар тарабынан маселе көтөрүлгөн. Ал жыйында Салам-Алик айылынын тургуну Бешимбаев Айтбай сөзгө чыгып, “Салам-Алик айылындагы ижарага берилген мейманкананын имаратын жана анын айланасындагы жер аянтын бир эле адамга сарай салдырбай, элге турак-жай салуу үчүн жер участок кылып элге бербейлиби”- деген сунушун берген. Бул маселени чечүү үчүн Өзгөн райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким М.С.Раматов жеринде чечүү үчүн Салам-Алик айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Р.Сатыбалдыевке тапшырма берген. Айтылган тапшырманы аткаруу үчүн Салам-Алик айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Сатыбалдыев ижарачынын тиешелүү документтери (тиркелет) менен таанышып, маселени карап, ижара акысынын төлөнбөй келген ар бир жылдын суммасын бекитип берүү үчүн Салам-Алик айылдык кеңешине кайрылган.
“Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 27-беренесинин 2-пунктуна, 34-беренесинин 1, 4 жана 5-пункттарына жана 54-беренсинин 6-пунктуна ылайык Салам-Алик айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Салам-Алик айылындагы муниципалдык мейманкананын имараты жана анын айлансындагы 0,50 га жер участогу 49 жылга убактылуу пайдаланууга ижарага берилген имаратынын жана жер аянты 2013-жылдан тартып ар бир жылдын ижара акысы 150000 (жүз элүү миң) сомго бекитилсин.
2. Сессияда бекитилген 2013-жылдан бери төлөнбөй келген ар бир жылдын ижара акысын, жер салыгын жана башка төлөмдөрдү төлөтүү жагы Салам-Алик айыл өкмтүнүн салык инспекторуна жана жер, турак-жай, комуналдык менчиктери жана жерге жайгаштыруу боюнча башкы адисине тапшырылсын.
3. Токтомду көзөмөлгө алуу жагы Салам-Алик айыл кеңешинин “Финансы, экономика, бюджет, экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттары жана инвестиция маселелери” боюнча туруктуу коммиссиясына жүктөлсүн.
Төрайым | Б.Калмурзаева |