Редакцияот 02.03.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

САЛАМ-АЛИК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Салам-Алик айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз X сессиясы

2022-жылдын 2-марты № 54

Салам-Алик айыл өкмөтүнүн Ак-Терек айылынын кудук участкасындагы магазинди намазкана багытына өзгөртүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын “Жер кодексинин” 1-беренесинин 23-пунктунун негизинде Салам-Алик айыл өкмөтүнүн Ак-Терек айылынын кудук участкасындагы магазинди намазкана багытына өзгөртүү үчүн Ак-Терек айылынын тургуну Бөрүбаев Махмуджандын арызын карап Салам-Алик айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Салам-Алик айыл өкмөтүнүн Ак-Терек айылынын Кудук участкасындагы 1995-2000-жылдарда иштеген магазин намазкана багытына өзгөртүлсүн

2. Токтомду аткаруу жана көзөмөлгө алуу жагы “Айыл-суу, мал чарба, жер, токой, экология, өнөр жай, курулуш, өзгөчө кырдаал, тоо кен, маалымат, транспорт, байланыш жана энергетика тармактары” боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын

 

Төрайым

Б.Калмурзаева