Редакцияот 02.03.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

САЛАМ-АЛИК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Салам-Алик айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз X сессиясы

2022-жылдын 2-марты № 56

Салам-Алик айыл өкмөтүнө караштуу Салам-Алик айылынын тургуну Курманбаева Маликенин кайрылуусу жөнүндө

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын 31-беренесинин 1-пунктуна ылайык Салам-Алик айыл өкмөтүнө караштуу Салам-Алик айылынын тургуну Курманбаева Маликенин үйү жолдун боюнда жайгашкандыгына байланыштуу жүк ташуучу машина көп өтүп, үйү жарылып кеткен, себеби ал жерде машинанын ылдамдыгын азайтуучу полицейский жайгашкан, ошол полицейскийди алып салуу үчүн Салам-Алик айылдык кеңешини

ТОКТОМ КЫЛАТ:

Салам-Алик айыл өкмөтүнө караштуу Салам-Алик айылынын тургуну Курманбаева Маликенин үйү жолдун боюнда жайгашкандыгына байланыштуу жүк ташуучу машина көп өтүп, үй жарылып кеткен, себеби ал жерде машинанын ылдамдыгын азайтуучу полицейский жайгашкан, ошол полицейскийди алып салуу үчүн ДЭП 5 жол тейлөө кызматы мекемесинен суралсын

2. Токтомду аткаруу жана көзөмөлгө алуу жагы “Айыл-суу, мал чарба, жер, токой, экология, өнөр жай, курулуш, өзгөчө кырдаал, тоо кен, маалымат, транспорт, байланыш жана энергетика тармактары” боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Төрайым

Б.Калмурзаева