Загрузка документа…
САЛАМ-АЛИК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Салам-Алик айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз XI сессиясы
2022-жылдын 8-апрели № 60
Салам-Алик айыл өкмөтүнө караштуу Салам-Алик айылынын тургуну Балбыров Талантбекдин арызын кароо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын 31-беренесинин 5-пунктунун жана Кыргыз Республикасынын жер кодексинин 27-беренесинин 1-пунктуна таянып Салам-Алик айыл өкмөтүнө караштуу Салам-Алик айылынын тургуну Балбыров Талантбекке сайдын боюнан жараксыз жерден балык чарбачылыгын уюштуруу үчүн Салам-Алик айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Салам-Алик айылынын Мазар-Талаа участкасынын Жазы дарыясынын жээгинен балык чарбасын өстүрүү үчүн Салам-Алик айылынын тургуну Балбыров Талантбекке сайдын боюнан жараксыз жерден 3.0 га жер 5 жылдык мөөнөткө убактылуу ижарага берилсин.
2. Ижарага берүү боюнча келишим түзүү жагы Салам-Алик айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
3. Токтомду аткаруу жана көзөмөлгө алуу жагы “Айыл-суу, мал чарба, жер, токой, экология, өнөр жай, курулуш, өзгөчө кырдаал, тоо кен, маалымат, транспорт, байланыш жана энергетика тармактары” боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрайым | Б.Калмурзаева |