Загрузка документа…
САЛАМ-АЛИК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Салам-Алик айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз XI сессиясы
2022-жылдын 8-апрели № 61
Салам-Алик айыл аймагынан сырткаркы малдарга кирүүгө тыюу салуу жөнүндө
Салам-Алик айыл өкмөтүнө караштуу жайыттардын талкаланып жаткандыгына байланыштуу Салам-Алик айыл аймагынан сырткаркы малдарга кирүүгө тыюу салуу үчүн Салам-Алик айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Салам-Алик айыл өкмөтүнө караштуу жайыттардын талкаланып жаткандыгына байланыштуу 2022-жылдан тартып Салам-Алик аймагынын карамагындагы жайыттарга башка жактын мал-жандыктарын киргизүүгө тыюу салынсын
2. Токтомдун аткарылышы Салам-Алик айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Сатыбалдыевге жана Салам-Алик айыл өкмөтүнүн жайыт комитенин төрагасы Кунаев Шухратка милдеттендирилсин
3. Токтомду аткарууга албай өз алдынча малчылар менен келишим түзсө жана сыртттан мал алып кирүүгө уруксат берсе, жайыт комитетинин төрагасы Кунаев Шухраттан укук коргоо органдары тарабынан жоопкерчилике тартылат
4. Токтомду аткаруу жана көзөмөлгө алуу жагы “Айыл-суу, мал чарба, жер, токой, экология, өнөр жай, курулуш, өзгөчө кырдаал, тоо кен, маалымат, транспорт, байланыш жана энергетика тармактары” боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрайым | Б.Калмурзаева |