Загрузка документа…
К.БЕЛЕКБАЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
К.Белекбаев атындагы Алай айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз 14- отурумунун
2022-жылдын 30-марты № 14
К.Белекбаев атындагы Алай айыл өкмөтүнө караштуу Чий-Талаа айылындагы 01.03.2022-жылындагы тартуулоо келишими № 2022-2624 сандуу муниципалдык менчикте турган жер аянтына балдар бакчасын курууга жер тилкесинин максаттуу багытын өзгөртүп берүү жөнүндө
К.Белекбаев атындагы Алай айыл өкмөтүнө караштуу Чий-Талаа айылындагы муниципалдык менчикте турган жер тилкесине балдар бакчасын курууга Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 12-беренесинин 1-2 пунктуна жана 49-беренесинин 1-6-пунктуна ылайык К.Белекбаев атындагы Алай айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. К.Белекбаев атындагы Алай айыл өкмөтүнө караштуу Чий-Талаа айылында жайгашкан 5-01-01-1007-00386 сандуу идентификациялык сыр белгидеги муниципалдык менчикте турган жер тилкесинин максаттуу багыты өзгөртүлүп, балдар бакчасына пайдаланууга 1517,00 м кв жер тилкеси бекитилип берилсин.
2. Тиешелүү юридикалык документтерин даярдап берүү жагы Алай райондук шаар курулушу жана архитектура башкармалыгына, «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин Алай филиалына сунуш кылынсын.
3. Кабыл алынган токтомдун аткарылышын камсыз кылуу айыл өкмөтүнүн башчысы А.Куловго милдеттендирилсин.
К. Белекбаев атындагы Алай айылдык кеңешинин төрагасы: |
Л.Койчиев |