К.БЕЛЕКБАЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
К.Белекбаев атындагы Алай айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги 13-отурумунун
2022-жылдын 25-январы № 13/7
Чий-Талаа айылына курулуучу балдар бакчасына ат коюу жөнүндө
Чий-Талаа айылында 2019-жылдын 23-ноябрындагы уюшулган элдик жыйындын протоколун жана Чий-Талаа айылынын айыл башчысы Б.Шанаевдин кайрылуусунун негизинде, Чий-Талаа айылына курулуучу балдар бакчасына ат коюу максатында Чий-Талаа айылынын айыл башчысы Б.Шанаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, К.Белекбаев атындагы Алай айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чий-Талаа айылына курулуучу балдар бакчасына Аникеева Акпаринин атын коюууга уруксат берилсин.
2. Балдар бакчасына тиешелүү юридикалык иш кагаздарын даярдоо жагы Чий-Талаа айылынын айыл башчысына милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн башчысы А.Куловго жүктөлсүн.
К. Белекбаев атындагы Алай айылдык кеңешинин төрагасы: |
Л.Койчиев |