К.БЕЛЕКБАЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
К.Белекбаев атындагы Алай айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги 13-отурумунун
2022-жылдын 25-январы № 13/6
«Сопу-Коргон-Тазалык» муниципалдык ишканасы жөнүндө
К.Белекбаев атындагы Алай айыл өкмөтүндө калктын саны жогору болгондугуна байланыштуу калкка кызмат көрсөтүүнү жакшыртуу максатында «Сопу-Коргон-Тазалык» муниципалдык ишканасын ордунда калтыруу боюнча К.Белекбаев атындагы Алай айылдык кеңешинин башчысы А.Куловдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап,
К.Белекбаев атындагы Алай айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. К.Белекбаев атындагы Алай айыл өкмөтүндө калктын саны жогору болгондугуна байланыштуу калкка кызмат көрсөтүүнү жакшыртуу максатында «Сопу-Коргон-Тазалык» муниципалдык ишканасы калтырылсын.
2. «Сопу-Коргон-Тазалык» муниципалдык ишканасынын штаттык бирдиги 6 (алты) бирдик болуп белгиленсин жана жергиликтүү бюджеттин эсебинен эмгек акы алып эмгектенишсин.
3. Ишмердүүлүгүн «Сопу-Коргон-Тазалык» муниципалдык ишканасы жөнүндө Жобого ылайык жүргүзүү Кадыров Таалайбек Абдикеримовичке милдеттендирилсин жана калктан чогултуучу төлөмдөрдүн көлөмүн көбөйтүүнү колго алсын.
4. «Сопу-Коргон-Тазалык» муниципалдык ишканасынын ишмердигин көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы А.Куловго тапшырылсын.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө бюджет жана экономика боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
К. Белекбаев атындагы Алай айылдык кеңешинин төрагасы: |
Л.Койчиев |