Редакцияот 10.12.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

К.БЕЛЕКБАЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

К.Белекбаев атындагы Алай айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз 11-отурумунун

2021-жылдын 10-декабры № 11

Алай айыл өкмөтүнүнүн жергиликтүү бюджетинин чыгаша бөлүгүнүн 2021-жылга бекитилген сметасынын такталган планына өзгөртүү киргизүү жөнүндө.

Бюджеттик комиссиянын талкуусун угуп, Алай айылдык кеңешинин VII -чакырылышынын кезексиз 11-отуруму

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. ”Кыргыз Республикасынын бюджеттик кодексинин” 115-беренесине ылайык, Алай айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгүнө 2021-жылга салыктык жана салыктык эмес кирешелердин планына өзгөртүү киргизип берүү жагы каралсын.

К/н

Беренелердин аталышы

берене

баардыгы

4-квартал

көбөйтүү

азайтуу

1

Жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияны кармоо үчүн акы

14151200

-849,0

 

849,0

 

Баардыгы

 

-849,0

 

849,0

2. Алай айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин чыгаша бөлүгүнүн бекитилген сметасынын төмөндөгү беренесинин такталган планына өзгөртүү киргизүү жагы каралсын.

Бөлүм

Бөлүмдүн аталышы

Беренелердин аталышы

берене

бардыгы

4-квартал

көбөйтүү

азайтуу

 

Бала-бакча

Имараттар жана курулмалар

3111

-419,6

 

419,6

70491

Эконом маселе

Имараттар жана курулмалар

3111

-429,4

 

429,4

 

баардыгы

 

 

-849,0

 

849,0

3. Жогорудагы акча каражатын 2021-жылдын 4-кварталына бекитилген сметасынын чыгаша бөлүгүнүн планына өзгөртүү киргизип берүү жагы Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигинин Алай финансы башкармалыгынан суралсын.

4. Өзгөртүү киргизилген акча каражатын мыйзамдуу, максаттуу жумшоо жана ушул токтомдун аткарылышын айыл өкмөт башчысы А.Кулов жана финансы-экономика бөлүмүнүн башчысынын убактылуу милдетин аткаруучусу С.Карыбековго милдеттендирилсин.

5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Алай айылдык кеңешинин бюджеттик комиссиясынын төрайымы Ж.Шариповага милдеттендирилсин.

 

К. Белекбаев атындагы

Алай айылдык кеңешинин төрагасы:

 

Л.Койчиев