Редакцияот 09.12.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

К.БЕЛЕКБАЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

К.Белекбаев атындагы Алай айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз 10-отурумунун

2021-жылдын 9-декабры № 10

Алай айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин чыгаша бөлүгүнүн 2021-жылга бекитилген сметасынын такталган планына өзгөртүү киргизүү жөнүндө

Бюджеттик комиссиянын талкуусун угуп, Алай айылдык кеңешинин VII -чакырылышынын кезексиз 10-отуруму

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. ”Кыргыз Республикасынын бюджеттик кодексинин” 115-беренесине ылайык, Алай айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин чыгаша бөлүгүнүн 2021-жылга    бекитилген сметасында үнөмдөлгөн беренелерден зарыл болгон кээ бир беренелерге өзгөртүү киргизип  тактоо жагы каралсын.

Бөлүм

Бөлүмдүн аталышы

Беренелердин аталышы

берене

4-квартал

көбөйтүү

азайтуу

70111

Аппарат

Электр энергиясына акы

2231

 

7,0

70111

Аппарат

Учурдагы чар-к максат

2222

0,9

 

70821

Китепкана

Электр энергиясына акы

2231

 

0,9

70823

Клуб

Электр энергиясына акы

2231

 

1,5

70862

Культмероприятия

Башка кызмат көрсөтүү

2215

26,9

 

70911

Бала-бакча

Электр энергиясына акы

2231

 

42,0

70923

Башталгыч мектеп

Электр энергиясына акы

2231

 

15,5

70921

Орто мектептер

Башка кызмат көрсөтү

2215

39,1

 

 

баардыгы

 

66,9

66,9

 

2. Жогорудагы акча каражатын 2021-жылга бекитилген сметасында өзгөртүү киргизип берүү жагы Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигинин Алай финансы башкармалыгынан суралсын.

3. Өзгөртүү киргизилген акча каражатын мыйзамдуу, максаттуу жумшоо жана ушул токтомдун аткарылышын айыл өкмөт башчысы А.Куловго жана финансы-экономика бөлүмүнүн башчысынын убактылуу милдетин аткаруучусу С.Карыбековго милдеттендирилсин.

4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Алай айылдык кеңешинин бюджеттик комиссиясынын төрайымы Ж.Шариповага милдеттендирилсин.

 

К. Белекбаев атындагы

Алай айылдык кеңешинин төрагасы:

 

Л.Койчиев