К.БЕЛЕКБАЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
К.Белекбаев атындагы Алай айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз 9-отурумунун
2021-жылдын 29-ноябры № 9
Алай айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин чыгаша бөлүгүнүн 2021-жылдын 4-кварталына бекитилген сметасында теңдештирүүчү трансферттин такталган планына өзгөртүү киргизүү жөнүндө.
Алай айыл өкмөтүнүн башчысы А.Куловдун жана бюджеттик комиссиянын талкуусун угуп, Алай айылдык кеңешинин VII -чакырылышынын кезексиз 9-отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. ”Кыргыз Республикасынын бюджеттик кодексинин” 115-беренесине ылайык, Алай айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин чыгаша бөлүгүнүн 2021-жылдын 4-кварталга бекитилген сметасында теңдештирүүчү трансферттин үнөмдөлгөн беренелерден зарыл болгон кээ бир беренелерге жылдырып планды тактоо жагы каралсын.
К/н | Бөлүмдөрдүн аталышы | Берененин аталышы | беренелери | 4-квартал 2021-жыл | |
Тендештируу трансферт | |||||
Көбөйтүү (+) | азайтуу (-) | ||||
1 | Аппарат | Эмгек акы | 2111 | 329,2 |
|
2 | Аппарат | Соц фондго чегеруулор | 2121 |
| 136,6 |
3 | Аппарат | Сапар чыгымдары | 2211 | 2,2 |
|
4 | Аппарат | Запастык бөлүктөр | 2214 | 28,8 |
|
5 | ЖКХ | Эмгек акы | 2111 |
| 339,9 |
6 | ЖКХ | Соц фондго чегеруулор | 2121 |
| 58,5 |
7 | Китепкана | Эмгек акы | 2111 |
| 114,8 |
8 | Китепкана | Соц фондго чегеруулор | 2121 |
| 43,1 |
9 | Клуб | Эмгек акы | 2111 |
| 41,2 |
10 | Клуб | Соц фондго чегеруулор | 2121 |
| 13,4 |
11 | Бала-бакча | Башка кызмат көрсөтүү | 2215 | 10,0 |
|
12 | Бала-бакча | Тамак-аш азыктарын алуу | 2218 | 267,0 |
|
13 | Бала-бакча | Имараттар жана курулмалар | 3111 | 13,4 |
|
14 | Бала-бакча | Имараттар жана курулмалар | 3111 |
| 25,0 |
15 | Орто мектептер | Башка кызмат көрсөтү | 2215 |
| 9,0 |
16 | Орто мектептер | Электр энергиясына акы | 2231 | 92,9 |
|
17 | Соц коргоонун | Башка кызмат көрсөтү | 2215 | 38,0 |
|
|
| Баардыгы |
| 781,5 | 781,5 |
2. Жогорудагы акча каражатын 2021-жылга бекитилген сметасында тендештирүүчү трансфертке жана өздүк кирешенин планына өзгөртүүү киргизип берүү жагы Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Алай финансы башкармалыгынан суралсын.
3. Өзгөртүү киргизилген акча каражатын мыйзамдуу, максаттуу жумшоо жана ушул токтомдун аткарылышын айыл өкмөт башчысы А.Куловго жана финансы-экономика бөлүмүнүн башчысынын убактылуу милдетин аткаруучу С.Карыбековго милдеттендирилсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин бюджеттик комиссиясынын төрайымы Ж.Шариповага милдеттендирилсин.
К. Белекбаев атындагы Алай айылдык кеңешинин төрагасы: |
Л.Койчиев |