Загрузка документа…
К.БЕЛЕКБАЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
К.Белекбаев атындагы Алай айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз 8-отурумунун
2021-жылдын 10-ноябры № 8/4
К.Белекбаев атындагы Алай айыл өкмөтүнө караштуу №3 Токтогул атындагы орто мектебинин терезелерин жана от казанын эскилиги жеткендигине байланыштуу мектептин терезелерин жана от казанын алмаштыруу боюнча сунуш кылынган долбоордун өздүк салымы жөнүндө.
К.Белекбаев атындагы Алай айыл өкмөтүнө караштуу №3 Токтогул атындагы орто мектебинин терезелерин жана от казанын эскилиги жеткендигине байланыштуу мектептин терезелерин жана от казанын алмаштыруу боюнча сунуш кылынган долбоорду карап чыгып Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 21-апрелиндеги №260 токтомунун негизинде К.Белекбаев атындагы Алай айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. К.Белекбаев атындагы Алай айыл өкмөтүнө караштуу №3 Токтогул атындагы орто мектебинин терезелерин жана от казанын эскилиги жеткендигине байланыштуу мектептин терезелерин жана от казанын алмаштыруу боюнча сунуш кылынган долбоорду карап чыгып, үлүштүк дем берүүчү гранттын эсебинен ишке ашыруу үчүн жазылган жалпы 3 006 109 сом долбоордо көрсөтүлгөн өздүк салымы 0,7 пайыздык 210 428 сом өздүк салымы К.Белекбаев атындагы Алай айыл өкмөтүнүн 2022-жылдагы бюджетине сунушталып бөлүнүп берилсин.
2. Кабыл алынган токтомдордун аткарылышын камсыз кылуу К.Белекбаев атындагы Алай айыл өкмөтүнүн башчысы Кулов Анарбекке милдеттендирилсин.
К.Белекбаев атындагы Алай айылдык кеңешинин төрагасы: |
Л.Койчиев |