К.БЕЛЕКБАЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
К.Белекбаев атындагы Алай айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз 8-отурумунун
2021-жылдын 10-ноябры № 8/3
К.Белекбаев атындагы Алай айыл өкмөтүнүн Сопу-Коргон айылындагы №5126 Сопу-Коргон шайлоо участкасына шайлоо комиссиянын мүчөлүгүнө талапкерди сунуштоо жөнүндө
К.Белекбаев атындагы Алай айыл өкмөтүнүн Сопу-Коргон айылындагы №5126 Сопу-Коргон шайлоо участкасына шайлоо комиссиянын мүчөлүгүнө талапкерди сунуштоо боюнча жооптуу катчы Айдарбек уулу Назарбектин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, К.Белекбаев атындагы Алай айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз 8- отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдумдарды өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 19-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык №5126 Сопу-Коргон участкалык шайлоо комиссиясына көрсөтүлгөн талапкер Бурканов Маратбек Рысбекович тиешелүү участкалык шайлоо комиссиясынын резервдик курамына депутаттардын колдоосу менен бекитилсин
2. Участкалык комиссиясына мүчөлүккө талапкердин сапаттык курамы Алай аймактык шайлоо комиссиясына тапшырылсын.
3. Ушул токтомду бекитип берүү жагы Алай аймактык шайлоо комиссиясынан суралсын
К.Белекбаев атындагы Алай айылдык кеңешинин төрагасы: |
Л.Койчиев |