Загрузка документа…
К.БЕЛЕКБАЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
К.Белекбаев атындагы Алай айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги 7-отурумунун
2021-жылдын 22-сентябры № 7/8
К.Белекбаев атындагы Алай айыл өкмөтүнө караштуу Көлдүк айылындагы жеке менчик жер тилкенин максаттуу багытын өзгөртүп, эмканага өткөрүп берүү жөнүндө
К.Белекбаев атындагы Алай өкмөтүнүн Көлдүк айылындагы жеке менчик 2-01-01-1003-0086 сандуу коду менен катталган жер участогунан белгиленген 3 сотых жер тилкесин эмкана куруу үчүн өткөрүп берүү боюнча К.Белекбаев атындагы Алай айыл өкмөтүнүн башчысы А.Куловдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, К.Белекбаев атындагы Алай айыл кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. К.Белекбаев атындагы Алай айыл өкмөтүнүн Көлдүк айылындагы жеке менчикте турган 300,0 чарчы метр болгон жер аянты эмканага бекитилип берилсин.
2. Тиешелүү юридикалык документтерди даярдап берүү жагы Алай райондук шаар курулушу жана архитектура башкармалыгына, «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин Алай филиалына сунуш кылынсын.
3. Кабыл алынган токтомдун аткарылышын камсыз кылуу айыл өкмөтүнүн башчысы А.Куловго милдеттендирилсин.
4. Токтомду көзөмөлдөө жагы Билим берүү, саламаттыкты сактоо, социалдык маселелер, жаштар жана спорт иштери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
К.Белекбаев атындагы Алай айылдык кеңешинин төрагасы: |
Л.Койчиев |