ПЕТРОВКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
XXVIII чакырыгынын иреттеги VII сессиясынын
2021-жылдын 27-декабры № 30-3
“Петровка айыл өкмөтүнө караштуу жерлерин ижарагага берүү боюнча эрежесинин жобосун бекитүү жөнүндө”
Петровка айыл өкмөтүндө талап кылынбаган жерлер ижарагага берүү боюнча эрежесинин жобосун угуп жана талкулап
Петровка айыл аймагы кеңеши
ТОКТОМ ЧЫГАРАТ:
1. Петровка айыл өкмөтүндө талап кылынбаган жерлер ижарага берүү боюнча эрежесинин жобосу бекитилсин.
2. Петровка айыл өкмөтүнүн башчынын милдетин аткаруучуу Баймурзинов С.О. аткаруугу кабыл алсын.
Төрага: | У. Абылдаев |
| “Бекитилсин" Петровка айылдык кеңешинин VII-чакыруунун XXVIII-сессиясынын 2021-ж 27.12. №31-3 Токтому. |
" Петровка айыл өкмөтүнүн карамагындагы жер тилкелерин ижарага берүүнүн шарттары жана тартиби” жөнүндөгү жобо (талап кылынбаган жер үлүштөрү)
1.1. Бул жобо Кыргыз Республикасынын Жер жана Жарандык мыйзамдарына ылайык, Кыргыз Республикасынын жер алууга укугу бар жарандардын айыл чарба жерлерин өз калыбында сактап калууга түзүлгөн.
1.2. Бул жерлер, (талап кылынбаган жер үлүштөрү) жер үлүштөрүн бөлүү үчүн Петров айыл өкмөтүнө берилген жана белгиленген чөйрөдөгү адамдарга бөлүп берүү үчүн арналган айыл чарба жерлери.
1.3 Жер айылдык товар өндүрүүчүлөргө – Петровка айыл аймагында жашаган Кыргыз Республикасынын жарандарына жана айыл чарба кооперативдерине ижарага берилет.
2. Жер берүүнүн тартиби жана шарттары.
2.1. Бул жерлерди ижарага бөлүштүрүү максатында комиссия түзүлөт. Комиссиянын төрагасы айыл өкмөтүн башчысы болуп эсептелинет. Комиссиянын курамына Петров айыл өкмөтүнүн салык боюнча адиси, Петров айыл өкмөтүнүн жер адиси жана айыл башчылары кириши мүмкүн.
2.2. Талап кылынбаган жер үлүштөрүн ижарага алуу артыкчылык укугуна Петровка айыл өкмөтүнүн аймагында 5 жылдан кем эмес жашаган жергиликтүү тургундар кирет.
2.3. Талап кылынбаган жер үлүштөрү кыска мөөнөттүү ижарага берилет: 1 жылга сугат, 2 жылга кайрак жана мурда пайдаланылбаган жерлер 3 жылга .
2.4. Талап кылынбаган жер үлүштөрү инвестициялык долбоорлорду сунуштоодо, Петров айыл аймагында жайгашкан эмес айыл чарба кооперативдерине 3 жылга чейин ижарага берилиши мүмкүн.
2.5. Ижара берилүүчү жер тилкелердин аянтты жеке жана юридикалык жер колдонулучуларга сугат 10 га жана кайрак 15 га ашпашы керек.
2.6. Ижарачы жер тилкесин чектери аныкталып жана ижара келишимин түзүлгөндөн кийин пайдаланууга кирише алат.
2.7. Жер тилкелери салыктар, камсыздандыруу төлөмү жана ижара акысы боюнча карызы бар жарандарга ижарага берүү жол берилбейт.
2.8. Ижара акысы тараптардын келишиминин негизинде түзүлөт, мында бир гектар аянтка бир жылга 1200 сом сугат жана 600 сом кайрак жерге минималдуу болуп каралат.
2.9. Үчүнчү жактарга жана башка арызга тиешелүү эмес жарандарга келишим түзүүгө тыюу салынат (арызга паспорттун ксерокөчүрмө каталат).
2.10. Ижара келишиминин шарттары каралбаса жана жер үлүштөрүнүн ээси тиешелүү документтери менен (жер укугун аныктоочу) кайрылса ошол чарба жылынын аякташы менен ижарачыга Петровка айыл өкмөтүнүн эскертүү катынын негизинде ижара келишими мөөнөтү бүтө электе эле жоюлат.
2.11. Ижара келишими комиссиянын протоколунун негизинде гана жаруктуу болуп эсептелинет.
3. Убактылуу талап кылынбаган жер үлүштөрүн натыйжалуу пайдаланууга контроль жүргүзүүчү орган мамлекет болуп эсептелет.
3.1. Айыл чарба жерлерин натыйжалуу пайдаланууну контролду жүзөгө ашыруучу мамлекеттик орган айыл чарба Министирлиги.
3.2. Жергиликтүү кеңештердин аткаруу органы жыл сайын милдеттүү тартипте Петровка айылдык кеңешине жерлердин иштетүүсү жана убактылуу талап кылынбаган жер үлүштөрү боюнча маалымат бериши керек.
3.3. Убактылуу талап кылынбаган жер үлүштөрүн ижарага берүү боюнча жеке жана юридикалык жактардын даттануусу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген сот тартибинде каралат.