Загрузка документа…
КАТТА–ТАЛДЫК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Катта –Талдык айылдык кеңешинин кезектеги VIII– сессиясынын (жетинчи чакырылышынын)
2021-жылдын 10-декабры № 8/1
Катта-Талдык айыл аймагынын айылдарда жер салыгын Кз коэффициенттин айыл жериндеги өлчөмүн жогорулатуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Салык Кодексинин 339 беренесинин 4 бөлүкчөсүнүн негизинде Катта-Талдык айыл өкмөтүнүн аймагындагы айыл чарбасына жараксыз жер салыгын айыл жерлеринде колдонулуучу Кз коэффицентин карап чыгып Катта-Талдык айылдык кеӊеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Айыл аймактык жерлерге болгон жер салыгынын Кз коэффиценттин жогорулатуу учурдун талабы экени белгиленсин.
2. Кыргыз Республикасынын Салык Кодексинин 339/4 бөлүкчөсүнүн негизинде Катта-Талдык айыл өкмөтүнүнүн аймагындагы айыл чарбасына жараксыз жерлердин Кз коэффиценти 2022-жылдын 01-январынан баштап айыл өкмөттүн айл жерлеринде төмөндөгүдөй бекитилсин:
1. Баш-Булак 1,0
2. Ачы 1,0
3. Кара-Сөгөт 1,0
4. Талдык 1,0
5. Кызыл-Ордо 1,0
6. Эшме 1,0
7. Садырбай 1,0
8. Жаӊы-Турмуш 1,0
9. Кичик 1,0
10. Торгой-Булак 1,0
3. Катта-Талдык айыл өкмөтүнүн 2022-жылга бюджетинин долбоору жер салыгынын Кз коэффицентти жаӊы ставкаларына ылайык жүргүзүү Катта-Талдык айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы К. Кайназаровага милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы инвестиция тартуу, бюджет жана экономикалык өнүгүү боюнча комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А.А.Муратов |