Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2003-жылдын 3-сентябры № 203 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙ3АМЫ "Мамлекеттик акчалай жыйым жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү жана толуктоо киргизүү тууралу 2003-жылдын 19-июнунда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин Мыйзам чыгаруу жыйыны тарабынан кабыл алынган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин Эл өкүлдөр жыйыны тарабынан каралган эмес 1996-жылдын 16-февралындагы N 1 "Кыргыз Республикасынын Конституциясына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндөгү", 1998-жылдын 21-октябрындагы N 134 "Кыргыз Республикасынын Конституциясына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндөгү", 2001-жылдын 24-декабрындагы N 112 "Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 5-статьясына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөгү" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын редакциясындагы Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 59-статьясынын 4-пунктуна ылайык жактырылган 1-статья. "Мамлекеттик акчалай жыйым жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйза-мына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Советинин Ведомосттору, 1993-жыл,N 3, 88-ст.) төмөнкү өзгөртүү жана толуктоо киргизилсин: 6-статьянын 2-пунктунун "и" пунктчасындагы "Өкмөткө караштуу" де-ген сөздөр алып салынсын; "милдеттүү мамлекеттик социалдык камсызданды-рууга" деген сөздөрдөн кийин ", ошондой эле мүлктүк түрдөгү доолор бо-юнча өндүрүлүп алынган суммалар пенсияны жана пособиени финансылоогожиберилет;" деген сөздөр менен толукталсын. 2-статья. Ушул Мыйзам жарыяланган учурдан тартып күчүнө кирет. Кыргыз Республикасынын Президенти А.Акаев