Редакцияот 21.01.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАТТА–ТАЛДЫК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Катта – Талдык айылдык кеңешинин кезектеги IX сессиясынын (жетинчи чакырылышынын)

2021-жылдын 21-январы № 9/6

Катта-Талдык айыл өкмөтүнүн 1992-1994 жылдары жасалган Баш-Булак айылынын башкы планына өзгөртүү киргизүү жөнүндө

Катта-Талдык айылдык кеӊешинин аймагындагы Баш-Булак айылынын тургундарынын суроо талабын канааттандыруу максатында Кыргыз Республикасынын ,Жер кодексинин 13-беренесинин 1-бөлүгүнүн 3-бөлүмчөсүнүн талаптарына ылайык Катта-Талдык айылдык кеӊеши.

ТОКТОМ КЫЛАТ

1. Баш-Булак айылындагы 1992-1994-жылдары жасалган башкы пландагы 0,08 га жер тилкесинен 0,06 жер тилкесине өзгөртүлүп берилсин

2. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы. Катта-Талдык айыл өкмөтүнө тапшырылсын.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Катта-Талдык айылдык кеӊешинин туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Катта-Талдык айылдык

кеӊешинин төрагасы:

 

А.А.Муратов