Загрузка документа…
ЫСЫК-АТА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ысык-Ата айылдык кеңешинин 28-чакырылган кезексиз IV (төртүнчү) сессиясы
2021-жылдын 10-декабры № 20/IV-28
Карагай-Булак айылынын тургундарынын “Алчинбаев Талант Кубанычбековичке Ысык-Ата айыл аймагынын “Ардактуу атуулу” наамын ыйгаруу жөнүндө” кайрылуусун кароо жөнүндө
Карагай-Булак айыл тургундарынын “Алчинбаев Талант Кубанычбековичке “Ысык-Ата айыл аймагынын Ардактуу Атуулу” наамын ыйгарууну өтүнүп кайрылган” кайрылуу каты менен Ысык-Ата айылдык Кенешинин депутаттары таанышып чыгып, Ысык-Ата айыл аймагынын жергиликтүү жамаатынын Уставынын 31.2-пунктусуна ылайык Алчинбаев Талант Кубанычбекович - Ысык-Ата айыл өкмөтүнүн Карагай-Булак айылынын айыл башчысы, Карагай-Булак айылына инвестицияларды тартып келип, социалдык–экономикалык абалын өнүктүрүүгө, Карагай-Булак айылынын социалдык инфраструктурасын өнүктүрүүгө кошкон салымын эске алып, Ысык-Ата айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Алчинбаев Талант Кубанычбековичке Ысык-Ата айыл аймагынын “Ардактуу Атуулу” наамы ыйгарылсын.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө социалдык иштер, мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
Токтом бир добуштан кабыл алынды.
Төрага | Ж.Бейшекеев |