Загрузка документа…
ЫСЫК-АТА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ысык-Ата айылдык кеңешинин 28-чакырылган кезексиз IV (төртүнчү) сессиясы
2021-жылдын 10-декабры № 22/IV-28
Тогуз-Булак айылындагы мектептин мурдагы эки кабаттуу эски имаратын убактылуу колдонуу жөнүндө
Ысык-Ата айылдык кенешинин төрагасынын орун басары А.Алымкулованын “Тогуз-Булак айылындагы мектептин мурдагы 2 кабаттуу имаратын убактылуу колдонуу жөнүндөгү” кайрылуусун карап чыгып, Ысык-Ата айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Ысык-Ата айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары А.Алымкулова “Тогуз-Булак айылындагы мектептин мурдагы 2 кабаттуу имаратын убактылуу колдонууга келишимдин негизинде акысыз берилсин.
2. Ижаранын ордуна айыл ичиндеги аз камсыз үй-бүлөлөргө жана майыптар күнүнө, балдар күнүнө,карылар күнүнө көмөктөшсүн жана көп балалуу келиндерди иш менен камсыз кылсын.
3. Имаратка өзүнчө электр эсептегич койдуруп жана бардык коммуналдык чыгымдарын өздүк эсебинен төлөнсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ысык-Ата айылдык Кенешинин жер жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Токтом бир добуштан кабыл алынды.
Төрага | Ж.Бейшекеев |