ЫСЫК-АТА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ысык-Ата айылдык кеңешинин 28-чакырылган кезексиз IV (төртүнчү) сессиясы
2021-жылдын 10-декабры № 23/IV-28
Ысык-Ата айылдык кеңешинин штаттык ырааттамасына 2021-жылдан тартып Ысык-Ата айылдык кеңешинин жооптуу катчысы штаттык бирдик кошууга макулдук берүү жөнүндө
Ысык-Ата айыл аймагында калктын саны 2020-жылдын жыйынтыгы менен 6039 адам болгондуктан, Ысык-Ата айылдык кеңешинин штаттык ырааттамасына 2021-жылдан тартып Ысык-Ата айылдык кеңешинин жооптуу катчысы штаттык бирдиги кызматтык муктаждыкка байланыштуу жана 2021-жылдын 6-октябрындагы Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 38-беренесинин негизинде Ысык-Ата айылдык кеңешинин депутаттары маселени карап, талкуулап чыгып, Ысык-Ата айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Ысык-Ата айылдык кеңешинин штаттык ырааттамасына 2021-жылдан тартып Ысык-Ата айылдык кеңешинин жооптуу катчысы штаттык бирдигин кошууга макулдук берилсин.
2. Ысык-Ата айылдык кеңешинин штаттык ырааттамасына ушул токтомдун биринчи пунктусуна ылайык өзгөртүү киргизилсин.
3. Бул буйруктун аткарылышын каржы жана бюджет боюнча туруктуу комиссия көзөмөлгө алсын.
Токтом бир добуштан кабыл алынды.
Төрага | Ж.Бейшекеев |