ЫСЫК-АТА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ысык-Ата айылдык кеңешинин 28-чакырылган кезексиз IV (төртүнчү) сессиясы
2021-жылдын 10-декабры № 24/IV-28
Ысык-Ата айыл өкмөтүнүн бюджетинен бир бөлүмдөн экинчи бөлүмгө акча каражатын которуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексинин 115,109–беренелеринин негизинде Ысык-Ата айыл өкмөтүнүн бюджетинен бир бөлүмдөн экинчи бөлүмгө акча каражатын которуу максатында Ысык-Ата айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Ысык-Ата айыл өкмөтүнүн бюджетинен 5 (беш) мектепке ар бири мектепке 25,0 мин сомдон керектелүүчү буюмдарды сатып алууга жайыт бөлүмүнүн 2215 беренесинен 99,0 мин сом жана аппарат бөлүмүнүн 2824 беренесинен 26,0 мин сом жалпысынан 125,0 мин сом акча каражаты билим берүү бөлүмүнүн 2215, 2222 жана 3111 беренелерине которууга макулдук берилсин.
2. Ысык-Ата айыл өкмөтүнүн бюджетинен милиция кызматкерлерине IV-кварталга 300л өлчөмүндөгү күйүүчү май сатып алууга аппарат бөлүмүнүн 2824 беренесинен 25,0 мин сом акча каражатын ПОМ бөлүмүнүн 2214 беренесине которууга макулдук берилсин.
3. Ысык-Ата айыл өкмөтүнүн тийиштүү кызматкерлерине 1285 түтүн жана 71 сарайларды кыдырып, мал санак жүргүзүүгө ар бир түтүнгө 20 сом өлчөмүндө жалпысынан 27,2 мин сом акча каражатын төлөөгө жана соц.фондуна төлөм 4,7 миң сом бюджеттен, аппарат бөлүмүнүн 2111 беренесинен 2215 беренесине которулуп берилсин.
4. Ысык-Ата айыл өкмөтүнүн аппарат кызматкерлерине Ысык-Ата айыл өкмөтүнүн башчысынын кайрылуусунун негизинде бир айлык сый акы 188,2 мин сом өлчөмүндө жана социалдык төлөмгө 32,5 мин сом акча каражатын төлөп берүүгө макулдук берилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин бюджеттик комиссиясынын төрайымы Г.Байтемировага жүктөлсүн.
Токтом бир добуштан кабыл алынды.
Төрага | Ж.Бейшекеев |