Редакцияот 27.09.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

1-МАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

1-Май айылдык кеңешинин IX чакырылышынын  кезексиз V сессиясы

 

27.09.2021-жыл № 5

1-Май айыл аймагынын 2021-жылдын  атайын  каражатынын III  кварталына  кошумча  акча  каражатын  киргизүү жөнүндө

 

     Ала-Бука районунун 1-Май айылдык аймагынын  2021-жылдын  атайын   каражаттын III  кварталынын кошумча  атайын  каражат  эсебине  келип  түшкөн акча  каражатын киргизүү  жөнүндө, 1-Май  айыл  аймагынын айыл Өкмөтүнүн башчысы М.Шербаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, 1-Май айылдык Кенешинин IX чакырылышынын кезексиз V сессиясы токтом кылат:

1.1-Май айыл аймагынын 2021-жылдын  атайын каражаттын III кварталына кошумча  келип  түшкөн 1550,000(бир  миллион  беш жүз элүү миң) акча  каражаты  башкаруу  аппаратынын  учурда   мүлктөрдү оңдоо статьясына киргизилсин.

2. Ушул токтомдун аткарылышын камсыздоо жана каражаттарды өз максатында  мыйзамдын  чегинде  чыгымдоо  1-Май айыл аймагынын ФЭБ башчысы К.Жороевага милдеттендирилсин.

3. Токтомду alabuka.kg сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын    ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жөнөтүү жагы 1-Май айылдык Кеңешинин катчысы К.Алчиматовага жүктөлсүн.

4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кенештин бюджет жана экономика маселелери боюнча туруктуу комиссиясына  жүктөлсүн.

 

Төрага

 М.Кулуев