1-МАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
1-Май айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз VI сессиясы
30.09.2021-жыл № 6
“1-Май айыл аймагынын айыл Өкмөтүнө чек арадагы айылдарга таза суу жеткирүү боюнча атайын техника сатып алуу” долбоорун, артыкчылыктуу долбоор катары бекитүү жөнүндө
1-Май айыл аймагында ишке ашырылып жаткан “1-Май айыл аймагынын айыл Өкмөтүнө чек арадагы айылдарга таза суу жеткирүү боюнча атайын техника сатып алуу” долбоорун турмушка ашыруунун кошумча чаралары жөнүндө айыл Өкмөтүнүн башчысы М.Шербаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, айылдык Кеңештин депутаттары Б.Эргешов менен А.Кожоновдун сунуштарын эске алуу менен 1-Май айылдык Кенешинин IX чакырылышынын кезексиз VI сессиясы токтом кылат:
1. 1-Май айыл аймагында ишке ашырылып жаткан “1-Май айыл аймагынын айыл Өкмөтүнө чек арадагы айылдарга таза суу жеткирүү боюнча атайын техника сатып алуу” долбоорун турмушка ашыруунун артыкчылыктуу долбоор деп табылсын.
2. Бул долбоорду ишке ашырууга жергиликтүү бюджеттен 2100000 (эки миллион бир жүз миң)сом акча каражаты өздүк салым катары каралсын.
3. “1-Май айыл аймагынын айыл Өкмөтүнө чек арадагы айылдарга таза суу жеткирүү боюнча атайын техника сатып алуу” долбооруна суралуучу акча каражатын ажыратып берүү жагы Жалал-Абад областык өнүктүрүү фондунан суралсын.
4. Токтомду alabuka.kg сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жөнөтүү жагы 1-Май айылдык Кеңешинин катчысы К.Алчиматовага жүктөлсүн.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык Кеңештин төрагасынын орун басары Т.Баязовага жүктөлсүн.
Төрага | М.Кулуев |