Редакцияот 12.10.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

1-МАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

1-Май айылдык кеңешинин IX чакырылышынын  кезексиз VII сессиясы

 

30.10.2021-жыл № 7

1-Май  айыл  аймагынын  2021-жылдагы  бюджетине  өзгөртүү  жана  толуктоолорду  киргизүү  жөнүндө

 

     1-Май  айыл  аймагынын 2021-жылдын  бюджеттик  каражаттын III кварталына өзгөртүү киргизүү  жөнүндө, 1-Май айыл аймагынын  айыл Өкмөтүнүн башчысы М.Шербаевдин  билдирүүсүн   угуп  жана  талкуулап, 1-Май айылдык Кенешинин IX чакырылышынын кезексиз VII  сессиясы токтом кылат:

            1. 1-Май  айыл аймагынын  бюджеттик каражатынын  III  кварталына  карата 2021-жылдын  башында  пландалган  кирешеден ашыкча  түшкөн  жалпы 3340,0(үч  миллион үч  жүз  кырк миң) сом  акча  каражаты  төмөнкү  статьялар  боюнча  бөлүштүрүлсүн.

 

№

Статьялар

Сумма (миң сом)

Бөлүмдөр

1

Көмүр сатып  алуу

260,0

Мектеп

2

Ар түрдүү чыгым

500,0

Мектеп

3

Учурда мүлктөрдү оңдоо

600,0

Мектеп

4

Учурда мүлктөрдү оңдоо

250,0

Балдар бакчасы

5

Ар түрдүү чыгым

250,0

Балдар бакчасы

6

Учурда мүлктөрдү оңдоо

200,0

Маданият  үйү

7

Ар түрдүү чыгым

380,0

Башкаруу аппараты

8

Учурда мүлктөрдү оңдоо

400,0

Башкаруу аппараты

9

Транспорттук кызмат көрсөтүү

500,0

Башкаруу аппараты

 

Жалпы:

3340,0

 

 

2.  Ушул токтомдун аткарылышын камсыздоо жана каражаттарды өз максатында  мыйзамдын  чегинде  чыгымдоо  1-Май айыл аймагынын ФЭБ башчысы К.Жороевага милдеттендирилсин.

3.  Токтомду alabuka.kg сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын    ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жөнөтүү жагы 1-Май айылдык Кеңешинин катчысы К.Алчиматовага жүктөлсүн.

4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кенештин бюджет жана экономика маселелери боюнча туруктуу комиссиясына  жүктөлсүн.

 

Төрага

 М.Кулуев