Загрузка документа…
1-МАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
1-Май айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз IX сессиясы
6.12.2021-жыл № 9
1-Май айыл аймагынын жайыт пайдалануучулар бирикмесине жайыттардын инфраструктурасын жана оперативдүү башкаруудагы атайын техникаларды оң абалда кармап турууну турукташтыруу максатында акча каражатын ажыратуу жөнүндө
1-Май айыл аймагынын жайыт пайдалануучулар бирикмесинин жайыт комитетинин 1-Май айыл аймагынын айыл Өкмөтүнө ”Айыл аймагындагы жайыттардын инфраструктурасын оңдоо, оперативдүү башкаруудагы атайын техникаларды оң абалда кармап туруу үчүн кошумча акча каражатын бөлүп берүү боюнча” жазган катында көрсөтүлгөн маселелерди чечүү, жергиликтүү бюджеттен айыл Өкмөтүнүн балансында турган, бирок, жайыт комитетинин оперативдүү башкаруусуна өткөн атайын техникаларды оң абалга кармап турууну турукташтыруу максатында, 1-Май айылдык Кенешинин IX чакырылышынын кезексиз IX сессиясы токтом кылат:
1. Жайыттардын инфраструктурасын оңдоо, оперативдүү башкаруудагы атайын техникаларды оң абалда кармап туруу үчүн 300 000 (үч жүз миң)сом ажыратып берилсин.
2. Жогорудагы акча каражатын жергиликтүү бюджеттин үнөмдөлгөн, кошумча каражаттарынын эсебинен жайыт комитетинин атайын эсебине которуп берүү жагы 1-Май айыл аймагынын айыл Өкмөтүнүн башчысы М.Шербаевге, айыл Өкмөтүнүн финансы экономика бөлүмүнүн башчысы К.Жороевага милдеттендирилсин.
3. Ажыратылган акча каражатын мыйзам чегинде, сарамжалдуу пайдалануу жана финансылык отчетун мөөнөтүндө тапшыруу жайыт комитетинин төрагасы П.Мараимбековго милдеттендирилсин.
4. Токтомду alabuka.kg сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жөнөтүү жагы 1-Май айылдык Кеңешинин катчысы К.Алчиматовага жүктөлсү.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык Кеңештин төрагасынын орун басары Т. Баязовага жүктөлсүн.
Төрага | М.Кулуев |