Редакцияот 17.12.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

1-МАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

1-Май айылдык кеңешинин IX чакырылышынын  кезексиз XI сессиясы

 

17.12.2021-жыл № 11/11

1-Май  айыл  аймагынын  2021-жылдын атайын каражатынын IV кварталына кошумча  акча  каражатын киргизүү жөнүндө

 

     Ала-Бука районунун 1-Май  айыл  аймагынын 2021-жылдын атайын каражаттын IV кварталынын кошумча атайын  каражат  эсебине социалдык кызматташуу  боюнча келишимге  ылайык келип түшкөн  акча  каражатын киргизүү жөнүндө, 1-Май айыл аймагынын  айыл Өкмөтүнүн башчысы М.Шербаевдин  билдирүүсүн   угуп  жана  талкуулап, 1-Май айылдык Кенешинин IX чакырылышынын кезексиз XI  сессиясы  токтом кылат:

1.   1-Май  айыл аймагынын 2021-жылдын атайын  каражаттын IV кварталына  кошумча келип түшкөн 600.000(алты жүз миң) сом акча  каражаты төмөнкү  статьялар боюнча  бөлүштүрулсун.

 

№

Статьялар

Сумма (миң сом)

Бөлүмдөр

1

2221 учурдагы мүлктөрдү оңдоо

330,0

Башкаруу аппараты

2

        2222 жабдуу алуу

270,0

Башкаруу аппараты

3

Жалпы.

600,0

 

 

2.  Ушул токтомдун аткарылышын камсыздоо жана каражаттарды өз максатында  мыйзамдын  чегинде  чыгымдоо  1-Май айыл аймагынын ФЭБ башчысы К.Жороевага милдеттендирилсин.

3.  Токтомду alabuka.kg сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын    ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жөнөтүү жагы 1-Май айылдык Кеңешинин катчысы К.Алчиматовага жүктөлсүн.

4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кенештин бюджет жана экономика маселелери боюнча туруктуу комиссиясына  жүктөлсүн.

 

Төрага

 М.Кулуев