1-МАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
1-Май айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз XI сессиясы
17.12.2021-жыл № 11/12
1-Май айыл аймагынын 2021-жылдагы бюджетине өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
1-Май айыл аймагынын 2021-жылдын бюджеттик каражаттын IV кварталына өзгөртүү киргизүү жөнүндө, 1-Май айыл аймагынын айыл Өкмөтүнүн башчысы М.Шербаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, 1-Май айылдык Кенешинин IX чакырылышынын кезексиз XI сессиясы токтом кылат:
1. 1-Май айыл аймагынын бюджеттик каражатынын III кварталына карата 2021-жылдын башында пландалган кирешеден ашыкча түшкөн жалпы 3340,0(үч миллион үч жүз кырк миң) сом акча каражаты төмөнкү статьялар боюнча бөлүштүрүлсүн.
№ | Статьялар | Сумма (миң сом) | Бөлүмдөр |
1 | 2215 Ар түрдүү чыгымдар | -500,0 | Балдар бакчасы |
2 | 2222 Жабдуу алуу | -250,0 | Балдар бакчасы |
3 | 2215 Ар түрдүү чыгымдар | -249,0 | Мектептер |
4 | 2222 Жабдуу алуу | -710 | Мектептер |
5 | 2221 Учурда мүлктөрдү оңдоо | +1709,00 | Башкаруу аппараты |
6 | Жалпы: | 1709,0 |
|
2. Ушул токтомдун аткарылышын камсыздоо жана каражаттарды өз максатында мыйзамдын чегинде чыгымдоо 1-Май айыл аймагынын ФЭБ башчысы К.Жороевага милдеттендирилсин.
3. Токтомду alabuka.kg сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жөнөтүү жагы 1-Май айылдык Кеңешинин катчысы К.Алчиматовага жүктөлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кенештин бюджет жана экономика маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | М.Кулуев |