Редакцияот 24.12.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

1-МАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

1-Май айылдык кеңешинин IX чакырылышынын  кезексиз XII сессиясы

 

24.12.2021-жыл № 12/14

Кыргыз  Республикасынын Министирлер Кабинетинин 2021-жылдын 22-октябрындагы “Кыргыз Республикасынын 2022-жылы эл жана турак жай фонддун каттого даярдык көрүү жана  иш жүргүзүү жөнүндө” №228-токтомун турмушка ашыруу жөнүндө

 

            Кыргыз  Республикасынын Министирлер Кабинетинин 2021-жылдын 22-октябрындагы “Кыргыз Республикасынын 2022-жылы эл жана турак жай фонддун каттого даярдык көрүү жана  иш жүргүзүү жөнүндө” №228-токтомун турмушка ашыруу жөнүндө 1-Май айыл Өкмөтүнүн маалыматын угуп жана талкуулап, 1-Май Айылдык Кеңешинин IX чакырылышынын  2021-жылдагы  кезектеги   XII сессиясы токтом кылат:                                        

1. “Кыргыз Республикасынын 2022-жылы эл жана турак жай фонддун каттого даярдык көрүү жана  иш жүргүзүү жөнүндө” №228-токтому,1-Май айыл аймагынын айыл Өкмөтүндө өз убагында аткарылсын.

2.  1-Май айыл Өкмөтүнүн бюджетинен эл жана турак жайды каттого 150 000(жүз  элүү мин)сом ажыратылсын.

3. Ушул токтомдун аткарылышын камсыздоо жана каражаттарды өз максатында  мыйзамдын  чегинде  чыгымдоо  1-Май айыл аймагынын ФЭБ башчысы К.Жороевага милдеттендирилсин.

4.  Токтомду alabuka.kg сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын    ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жөнөтүү жагы 1-Май айылдык Кеңешинин катчысы К.Алчиматовага жүктөлсүн.

5. Бул  токтомдун  аткарылышын жана  көзөмөлдөө  жагын  өзүмө  калтырам.

 

Төрага

 М.Кулуев