1-МАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
1-Май айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезектеги XIII сессиясы
17.02.2022-жыл № 13/1
“Фулд Голд Майнинг” жоопкерчилиги чектелген коому пайдаланып жаткан жер аянтын убактылуу баланска алуу жөнүндө
Айыл аймагындагы тоо кен казуу менен иштеп жаткан “Фулд Голд Майнинг” жоопкерчилиги чектелген коому тууралуу маалымат жана алар үчүн пайдаланууга жер аянтын убактылуу баланса алуу, боюнча айыл Өкмөтүнүн башчысы боюнча айыл өкмөтүнүн башчысы М.Шербаевдин маалыматын угуп жана талкуулап, 1-Май Айылдык Кеңешинин IX чакырылышынын 2022-жылдагы кезектеги I сессиясы токтом кылат
1. “Фулд Голд Майнинг” жоопкерчилиги чектелген коомунун пайдалануусундагы токой чарба багытындагы жер фондунан өндүрүш транспорт, байланыш, коргонуу жана башка багыттар категориясына которулган жалпы аянты 137.3 га жер аянтынан 68.65 га жер аянты 1-Май айыл аймагынын айыл Өкмөтүнүн балансына убактылуу алынсын жана ижара келишимдери түзүлсүн;
2. Жер участогун инвентаризациялоо, жер аянтына тиешелүү иш кагаздарын даярдоо келишимдерди түзүү жана мамлекеттик каттоодон өткөрүү жагы айыл Өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин;
3. Токтомду alabuka.kg сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жөнөтүү жагы 1-Май айылдык Кеңешинин катчысы К.Алчиматовага жүктөлсүн. Бул токтомдун аткарылышын жана көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырам.
4. Бул токтомдун аткарылышын жана көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырам.
Төрага | М.Кулуев |