Загрузка документа…
1-МАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
1-Май айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезектеги XIII сессиясы
17.02.2022-жыл № 13/4
1-Май айыл Өкмөтүнө “Жакшыбай ”кооперативи тарабынан жазылган, жерди ижарага алып иштетүү сунушу жөнүндө
1-Май айыл аймагына караштуу 1-Май колхозунун 1994-жылы даярдалган жер аянтын инвентеризацияло делосуна 456-457-контурда жайгашкан жалпы аянты 9,7га таштуу жайыт жана курулуш жер болуп көрсөтүлгөн Сумсар айыл өкмөтүнө тиешелүү аманальный склад кампанын жерин ижарага берүү жөнүндө айыл өкмөтүнүн башчысы М.Шербаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, 1-Май Айылдык Кеңешинин IX чакырылышынын 2022-жылдагы кезектеги I сессиясы токтом кылат
1. “Жакшыбай” кооперативи тарабынан 9.7га жерди ижарага алып иштетүү сунушу кабыл алынсын;
2. Жер участогун инвентаризациялоо,жер аянтына тиешелүү иш кагаздарын даярдоо жогорку органдардан каттоодон өткөрүү айыл Өкмөтүнүн башчысына;
3. Токтомду alabuka.kg сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жөнөтүү жагы 1-Май айылдык Кеңешинин катчысы К.Алчиматовага жүктөлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын жана көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырам.
Төрага | М.Кулуев |