1-МАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
1-Май айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезектеги XIII сессиясы
17.02.2022-жыл № 13/5
1-Май айыл аймагынын жайыт комитетинин 2021-жылга карата бюджетинин аткарылышы жана 2022-жылга карата бюджетин бекитүү жөнүндө
1-Май айыл аймагынын жайыт комитетинин өткөн 2021-жылда жүргүзгөн ишин жетишилген ийгиликтер менен катар, финансы-экономикалык абалын жакшыртууда мурдагы жылдарга салыштырмалуу өзүнүн бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн аткарылышы боюнча берген отчету кабыл алынып, 2022-жылга жайыт комитетинин бюджетин бекитүү боюнча жайыт комитетинин төрагасы П.Мараимбековдун маалыматын угуп жана талкуулап, 1-Май Айылдык Кеңешинин депутаттарынын сунуштарын эске алып, депутаттардын бир добуштан колдоосу менен 1-Май Айылдык Кеңешинин IX чакырылышынын 2022-жылдагы кезектеги I сессиясы токтом кылат:
1. 1-Май жайыт комитетинин 2021-жылга аткарылган иши боюнча отчету канааттандыраарлык деп табылсын;
2. 1-Май айыл аймагынын жайыт комитетинин 2022-жылга карата бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгү 580 000 (беш жүз сексен миң ) сом деп бекитилсин.
3. 1-Май жайыт комитетинин бухгалтердик кызматына 1 штат алынсын, төрагасына жана бухгалтерине 12 (он эки) айлык эмгек акы берилсин, техникалардын аткарып жаткан жумуштарын көзөмөлгө алуу үчүн бухгалтерге кошумча эмгек акы каралсын.
4. Жайытка кетип жаткан малдын санын дагы бир ирет тактап, көзөмөлдөө үчүн пост уюштурулуп, күзөтчүнүн эмгек акысы штаттык расписаниенин негизинде төлөнүп берилсин;
5. 2022-жылга карата кабыл алынган бюджетинин аткарылышы жана максаттуу пайдалануу жагы жайыт комитетинин төрагасы П.Мараимбековго милдеттендирилсин.
6. Кирешенин салыгын көбөйтүү жайытка чыгууга малдын 1(бир) башына төмөнкүдөй акы белгиленсин:
а) уй жылкы жана эшекке 112 (жүз он эки) сом 40 (кырк) тыйын.
б) кой эчкилерге 22 (жыйырма эки) сом 48 (кырк сегиз) тыйындан жайыт акы белгиленсин;
7. Чекене акы 1 (бир) баш бодо мал, жылкы үчүн жайыттын алыс жакындыгын эске алып , 350 (үч жүз эүү) сомдон 350 (төрт жүз элүү) сомго, кой эчкилерге 70 (жетимиш) сомдон 80 (сексен) сомго чейин белгиленсин.
8. Сырттан келген (башка айыл аймактан) малдын ар бир башына эки эселенген жайыт акы алынсын.
9. Ак-Башат айылында үлүш жерлерге жайыт жерлери менен чектеш болгондуктан аталган айылдын тургундарынын үлүш жерлерине күзөтчүлөрдү уюштуруу жагы айыл башчы Жоомарт Абдыманап уулуна дайындалсын.
10. Жайыт пайдалануучу башка айыл аймакка мал багып чыкса, күзгү жазгы жайыттар үчүн мал жайылган күндөн баштап, кара малга башына 33 (отуз үч) сомдон майда жандыкка башына 6 (алты) сомдон жайыт акы алынсын.
11. 1-Май айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн балансында турган, 1-Май жайыт комитетинин башкаруусундагы атайын техникалардын 2022-жылга жайыт комитетинин төрагасы сунуштаган болжолдуу бюджетинин сметасы(киреше жана чыгаша бөлүгү бекитилип, долбоор тиркелсин. Депутаттардын сунушу эске алынып, инфраструктураны жакшыртууга иштетсе айыл Өкмөтү фронтальный погрузчикке 1 мото саатына 1700 (бир миң жети жүз) сомдон, ал эми жайыт комитети жайыт инфраструктурасына иштетсе күйүүчү майы гана коюлат мото саат эсептелбейт, элге кызмат кылса 1 мото саатка 3000 (үч миң )сомдон акча каражаты жайыт комитетинин счетуна төлөнсүн. Комбайн 1 га жерден түшүм жыйнаса 5000 (беш миң) сом деп белгиленсин, МТЗ-82.1 трактору соко менен жер айдаса 1га 3500 (үч миң беш жүз) сом, пресс 1 даанасы 20 (жыйырма) сомго белгиленсин. Анткени күйүүчү майлоочу жана тетиктердин кымбатташы эске алынып, МТЗ трактору соко эле тартат 1 га толук бүтүрүүгө мүмкүнчүлүгү жоктугу белгиленсин;
12. Токтомду alabuka.kg сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жөнөтүү жагы 1-Май айылдык Кеңешинин катчысы К.Алчиматовага жүктөлсүн.
13. Бул токтомдун аткарылышын жана көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырам;
Төрага | М.Кулуев |