1-МАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
1-Май айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезектеги XIII сессиясы
17.02.2022-жыл № 13/6
Өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу, кесепеттерин жоюу, калктын коопсуздугун камсыз кылуу жөнүндө
1-Май айыл аймагында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 24-майындагы №54 мыйзамынын негизинде, 2022-жылга айыл аймактардын ар түрдүү өзгөчө кырдаалдарын алдын алуу, кесепеттерин жоюу калктын коопсуздугун камсыз кылуу максатында жергиликтүү бюджеттен акча каражатын Жарандык коргонуу комиссияларында кол тийгис акча каражатын бөлүү жөнүндө, М.Шербаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, 1-Май Айылдык Кеңешинин IX чакырылышынын 2022-жылдагы кезектеги I сессиясы токтом кылат:
1. 2022-жылга айыл аймактардын ар түрдүү өзгөчө кырдаалдарын алдын алуу, кесепеттерин жоюу калктын коопсуздугун камсыз кылуу максатында жергиликтүү бюджеттен 500 000 (беш жүз миң) акча каражаты бөлүнсүн;
2. Ушул токтомдун аткарылышын камсыздоо жана каражаттарды өз максатында мыйзамдын чегинде чыгымдоо 1-Май айыл аймагынын ФЭБ башчысы К.Жороевага милдеттендирилсин;
3. Токтомду alabuka.kg сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жөнөтүү жагы 1-Май айылдык Кеңешинин катчысы К.Алчиматовага жүктөлсүн;
4. Бул токтомдун аткарылышын жана көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырам.
Төрага | М.Кулуев |