Загрузка документа…
1-МАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
1-Май айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз XIV сессиясы
25.03.2022-жыл № 14/9
1-Май айыл аймагынын 2022-жылдагы бюджеттине өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин Указынын 2.12.2021 жылдын №541 пунктуна ылайык “Республикалык бюджеттин чыгашаларын оптималдаштыруу, мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бюджеттик каражаттарды пайдалануунун натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча чаралар жөнүндө” 1-Май айылдык аймагынын 2022-жылдын бюджеттик каражаттын аппарат бөлүмүнө бекитилген, айрым статьяларына өзгөртүү киргизүү менен 1-Май айыл аймагынын айыл Өкмөтүнүн башчысы М.Шербаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, 1-Май айылдык Кенешинин IX чакырылышынын кезексиз II сессиясы токтом кылат:
1. 1-Май айыл аймагынын 2022-жылдын утурумдук ремонттоо статьясына 888,3(сегиз жүз сексен сегиз миң үч жүз)сом,техникалар жана жабдууларды сатып алуу статьясына 1644,1(бир миллион алты жүз кырк төрт миң бир жүз )сом акчасы кыскартылып,тиркемеге ылайык өзгөртүлсүн.
2. Ушул токтомдун аткарылышын камсыздоо жана каражаттарды өз максатында мыйзам чегинде чыгымдоо 1-Май айыл аймагынын ФЭБ башчысы К.Жороевага милдеттендирилсин.
3. Токтомду alabuka.kg сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жөнөтүү жагы 1-Май айылдык Кеңешинин катчысы К.Алчиматовага жүктөлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кенештин бюджет жана экономика маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | М.Кулуев |