Загрузка документа…
1-МАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
1-Май айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз XV сессиясы
11.04.2022-жыл № 15/10
2022-жылдын 1-кварталына карата айыл аймагынын социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү Программасынын жана жергиликтүү бюджеттин аткарылышы жөнүндө
1-Май айылдык аймагынын 2022-жылдын 1-кварталына карата айыл аймагынын социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү Программасынын жана жергиликтүү бюджеттин аткарылышы жөнүндө, 1-Май айыл аймагынын айыл Өкмөтүнүн башчысы М.Шербаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, 1-Май айылдык Кенешинин IX чакырылышынын кезексиз III сессиясы токтом кылат:
1. 1-Май айыл Өкмөтүнүн 2022-жылдын 1-кварталына карата айыл аймагынын социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү Программасынын жана жергиликтүү бюджеттин аткарылышы жөнүндөгү берген маалыматы канааттандыраарлык деп табылсын;
2. Ушул токтомдун аткарылышын оптимизациялоо жана каражаттарды өз максатында мыйзамдын чегинде чыгымдоо 1-Май айыл аймагынын ФЭБ башчысы К.Жороевага милдеттендирилсин.
3. Токтомду alabuka.kg сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жөнөтүү жагы 1-Май айылдык Кеңешинин катчысы К.Алчиматовага жүктөлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кенештин бюджет жана экономика маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | М.Кулуев |