Загрузка документа…
1-МАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
1-Май айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз XV сессиясы
11.04.2022-жыл № 15/11
Аймактагы насостук станциялардын, суугат системаларынын даярдыгы жөнүндө
1-Май айылдык аймагынын жазгы талаачылык иштерине карата айылдарда аткарылып жаткан иштер жана аймактагы насостук станциялардын, суугат системаларынын даярдыгы жөнүндө, 1-Май айыл аймагынын айыл Өкмөтүнүн башчысы М.Шербаевдин маалыматын угуп жана талкуулап, 1-Май айылдык Кенешинин IX чакырылышынын кезексиз III сессиясы токтом кылат:
1. Айыл аймагындагы насостук станциялардын кемчиликтерин жоюу, эскирген тетиктерин тез арада алмаштырып, ремонттоо Ала-Бука РУВХнын 1-Май участкасынан суралсын жана элди суу менен толук камсыздоодо зарылчылыгы көрүлсүн;
2. Суугат сууну мыйзамсыз пайдаланган жарандарга мыйзам чегинде чаралар көрүлсүн;
3. Ушул токтомго ылайык, суугат суу менен камсыздоо жаатындагы жүрүштөрдү оперативдүү мөөнөттө аткаруу, Ала-Бука РУВХнын 1-Май участкасынын жетекчиси А.Бөрүкуловго, “Сумсар-Сай” СПА жетекчиси А.Тойчиевге милдеттендирилсин;
4. 1-Май айыл Өкмөтүнүн башчысы М.Шербаевдин даярдыгында бир топ иштер аткарылып жаткандыгы белгиленсин;
5. Токтомду alabuka.kg сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жөнөтүү жагы 1-Май айылдык Кеңешинин катчысы К.Алчиматовага жүктөлсүн.
6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кенештин агрардык маселелер СПА.суу канал маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | М.Кулуев |