Загрузка документа…
1-МАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
1-Май айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз XV сессиясы
11.04.2022-жыл № 15/12
1-Май айыл аймагынын 2022-жылга карата жайыт пайдалануучунун тартибин бекитүү жөнүндө
“Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 4-беренесинин негизинде ошондой эле “Жайыт жөнүндө” мыйзамдарынын талаптарын аткаруу максатында жайыт пайдалануучулар бирикмесинин төрагасынын маалыматын угуп жана талкуулап, 1-Май айылдык Кенешинин IX чакырылышынын кезексиз III сессиясы токтом кылат:
1. 2022-жылга карата жайыттарды пайдалангандыгы үчүн түтүн пулу 500(беш жүз) сомдон алынсын, алынуучу алымдардын көлөмү жана жайыт комитетинин иш планы ылайык бекитилсин.
2. Жайыт пайдалануучулардын жайлоого көчүү жана көчүп келүү мөөнөттөрү төмөнк удөй болуп белгиленсин;
-Көчүп кетүү мөөнөтү жылкылар үчүн 2022-жылдын 20-апрелине чейин, кара мал жана майда жандыктар үчүн 1-майга чейин;
-Көчүп келүү баардык жандыктар үчүн 1-октябрдан кем эмес;
3. Жайыттарды туура пайдалануу иретке келтирүу жана жакшыртуу жайыт комитетинин төрагасына милдеттендирилсин.
4. 2022-жылга карата техникалар боюнча тарифтери күйүүчү майга болгон баанын өскөндүгүнө ылайык ГСМ бекитилсин;
5. Чөп чабуучу жайларды жана эгин талааларды майкандап, жайыт пайдалануучулар бирикмесинин жайлоого көчүп кетүү жана көчүп келүү боюнча бекитилген тартибин сактабаса, Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө Кодексинин 2017-жылдын 2-апрелиндеги №58сандуу (2019-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирген) 182-183-беренесинин негизинде келтирилген зыяндын көлөмүнө жараша атайын түзүлгөн комиссиянын актысынын негизинде 27-берененин 4-категориядагы айып пулу салынсын;
6. Токтомду alabuka.kg сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жөнөтүү жагы 1-Май айылдык Кеңешинин катчысы К.Алчиматовага жүктөлсүн.
7. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кенештин агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | М.Кулуев |