Загрузка документа…
1-МАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
1-Май айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз XV сессиясы
11.04.2022-жыл № 15/17
Айры-Там айылынын ички көчөлөрүнө ысым ыйгаруу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу” мыйзамын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 19.08.2008 жыл №467 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасындагы географиялык обьектерди атоо, алардын аталыштарын өзгөртүү, географиялык аталыштарды эсепке алуу жана каттоодон өткөрүү тартиби жөнүндөгү жобонун 6-7-пунктарынын негизинде 1-Май айыл аймагынын Айры-Там айыл Өкмөтүнүн баяндамасын угуп жана талкуулап, 1-Май Айылдык Кеңешинин IX чакырылышынын 2022-жылдагы кезексиз III сессиясы токтом кылат:
1. Ажек айылындагы ички көчөлөрдун бирине эмгектин ардагери, маркум Юсупов Мамыт аваны ысымы ыйгарылсын.
2. Көчөнүн аталышынын өзгөрүүсүнө кеткен чыгымдарды каржылоо (көчөгө атайын формадагы темир тактага көчөнүн атын жазып, илдирүү жана көчөнүн туура көчөлөр менен кесилишкен жерлерине атайын формадагы тактаны көчөнүн баш жана аяк жагына орнотуу) жергиликтүү бюджетинин эсебинен жүргүзүлсүн.
3. Көчөгө Кыргыз Республикасынын шаар жана айыл жерлеринин өнүгүү процестеринин талабына ылайык, көчөнүн катар сандары такталып, таякчалары (табличка) белгиленсин.
4. Көчөнүн аталышынын катталган өзгөрүүлөрү тууралуу мамлекеттик каттоодон өткөрүү жобонун 10-пункттунда белгиленген эрежеге ылайык Кыргыз Республикасынын “Кадастр”мамлекеттик мекеменин Ала-бука филиалынын адистеринин катышуусу менен жүргүзүлсүн.
5. Токтомду alabuka.kg сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жөнөтүү жагы 1-Май айылдык кенешинин катчысы К.Алчиматовага жүктөлсүн.
6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Айылдык кеңештин социалдык тармактар маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | М.Кулуев |