Загрузка документа…
1-МАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
1-Май айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз XVI сессиясы
13.04.2022-жыл № 16/19
1-Май айыл аймагынын айыл Өкмөтүнө караштуу “Ачы-Сай” участогун иштетүүгө уруксат берүү жөнүндө
1-Май айыл аймагына тиешелүү болгон “Ачы-Сай” участогун иштетүүгө уруксат берүү максатында, 1-Май айыл Өкмөтүнүн маалыматын угуп жана талкуулап, депутаттардын бир добуштан колдоосу менен 1-Май айылдык Кеңешинин IX чакырылышынын 2022-жылдын кезексиз IV сессиясы токтом кылат:
1. 1-Май айыл Өкмөтүнө караштуу “Ачы-Сай” участогундагы №24 контурунда жайгашкан жер аянттарына ОсОО “Ала-Бука-Кенч” ишканасынын №5934 АР лицензиялык уруксат кагазынын негизинде чалгындоо иштерин жүргүзүүгө макулдук берилсин;
2. Ушул токтомдун аткарылышы айыл Өкмөтүнүн башчысы М.Шербаевге милдеттендирилсин.
3. Токтомду alabuka.kg сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жөнөтүү жагы 1-Май айылдык Кеңешинин катчысы К.Алчиматовага жүктөлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын жана көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырам.
Төрага | М.Кулуев |