Загрузка документа…
1-МАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
1-Май айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз XVII сессиясы
15.04.2022-жыл № 17/20
1-Май айыл Өкмөтүнө караштуу №17 “Жаш-Тилек” жана №27 “Ак-Тилек” мектепке чейинки билим берүү уюмунда балдардын тамак-аш төлөмүнүн баасын көтөрүү жөнүндө
Азык-түүлүк бааларынын кескин көтөрүлгөндүгүнө байланыштуу, бала-бакчаларда тамак-ашка болгон төлөмдөрүнө өзгөртүү киргизүү жөнүндө, 1-Май айыл Өкмөтүнүн башчысы М.Шербаевдин маалыматын угуп жана талкуулап,1-Май Айылдык Кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз IV сессиясы токтом кылат:
1. Бала-бакчадагы ар бир баланын бир айлык тамак-аш төлөмүмүнүн баасы 2022-жылдын апрель айынан тартып, орто эсеп менен 650 сом деп белгиленсин;
2. Балдардын тамак-ашына төлөнүүчү төлөм ар айдын 25-30-кунунө чейинки аралыкта төлөнүп берилсин;
3. Балдарды бакчага тартууда электрондук кезекке коюу боюнча бакча администрациясы тарабынан ата-энелерге түшүндүрүү иштери жүргүзүлсүн;
4. Ушул токтомдун аткарылышын камсыздоо жана каражаттарды өз максатында мыйзам чегинде чыгымдоо 1-Май айыл аймагынын ФЭБ башчысы К.Жороевага милдеттендирилсин;
5. Токтомду alabuka.kg сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жөнөтүү жагы 1-Май айылдык кенешинин катчысы К.Алчиматовага жүктөлсүн.
6. Бул токтомдун аткарылышын жана көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырам.
Төрага | М.Кулуев |