Загрузка документа…
КӨК-АРТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Көк-Арт айылдык кеңешинин кезектеги XXX сессиясы
14.02.2022-жыл № 2
“2022-жылдын 1-январына калган калдык каражатты бөлүү жөнүндө”
Көк-Арт айыл өкмөтүнүн 2021-жылдын12-айында кошумча кирешелердин жана чыгшалардынүнөмдөөдөн келип чыккан каражаттарды пайдалануу жөнүндөгү финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы А.Раимбекованын билдирүүсүн угуп жана талкуулап Көк-Арт айылдык Кеңеши токтом кылат:
1. Көк-Арт айыл өкмөтүнүн 2021-жылдын жыйынтыгы боюнча жергиликтүү бюджеттин чыгымдарынан жана такталган киреше пландарынан ашыкча жыйналган каражаттарынан жалпы 1011,3 мин сом акча каражатын, айыл аймагында социалдык инфратсруктураларга болгон муктаждыктарды эске алып төмөнкү чыгымдарды каржылоого жумшалсын:
2. 1-январь 2022-жылга калган калдык 1011,3 миң сомго Жалгыз-Жангак айылынын Ж.Калназаров көчөсүн асфалттоого бекитилсин
3. Атайын каражат эсебинде калган 141,4 миң сом калдык ата-энелердин жалпы чогулушунун протоколунун негизинде балдар бакчаларына керектүү эмеректерди алуу үчүн жана бесетка куруу үчүн бекитилсин.
4. Бекитилген чыгыша пландарына тактоолорду жүргүзүү жагы Финансы министрлигинин Сузак башкармалыгынан суралсын.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Жумуковко милдеттендирилсин.
Көк-Арт айылдык Кеңешинин төрагасы | С.Жуманазаров |