Редакцияот 14.02.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КӨК-АРТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Көк-Арт айылдык кеңешинин кезектеги XXX сессиясы

 

14.02.2022-жыл № 7

Көк-Арт таза-суу – тазалык ишканасынын  акылдуу суу эсептегичин орнотуу жөнүндө 

 

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамына ылайык “Көк-Арт таза-суу – тазалык” ишканасынын акылдуу суу эсептегичин орнотуу жөнүндө А.Энназаровдун берген сунушунугуп жана талкуулап  Көк-Арт айылдык кеңешинин VI-чакырылышынын кезектеги XXX-сессиясы токтом кылат:

1.  “Көк-Арт таза-суу – тазалык” ишканасы тарабынан тартылган ичүүчү сууга акылдуу суу эсептегичин койдурбаган абонеттерге ичүүчү суу берилбесин.

2.  Өз билемдик менен суу түтүкчөлөрүн короосуна киргизип алган абонеттердин суу түтүкчөлөрү кыркылсын.

3.  Аталган токтом Көк-Арт айыл өкмөтунүн kugart.my1.ru  расмий сайтына жарыяланган күндөн баштап  күчүнө кирет.

4.  Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестирине  киргизүү жагы Көк-Арт айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы Г.А.Акпаралиевага милдеттендирилсин.

5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.

 

Көк-Арт айылдык

Кеңешинин төрагасы

 С.Жуманазаров