Редакцияот 14.02.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КӨК-АРТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Көк-Арт айылдык кеңешинин кезектеги XXX сессиясы

 

14.02.2022-жыл № 8

Мегаком” компаниясы антена куруу үчүн Жерге-Тал айылынан жер тилкесин берүү жөнүндө

 

 Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамына ылайык, Көк-Арт айыл өкмөтүнө караштуу Жерге-Тал айылынын жергиликтүү тургундарынын кайрылуусун негиздеп, “Мегаком” компаниясы телекомуникациялык кызмат көрсөтүү үчүн антена  курууга жер тилкесин берүү жөнүндө кайрылуусуна ылайык, Көк-Арт айыл өкмөтүнүн берген сунушун угуп жана талкуулап  Көк-Арт айылдык   кеңешинин VI-чакырылышынын кезектеги XXX-сессиясы токтом кылат:

1.   “Мегаком” компаниясы телекоммуникациялык кызмат көрсөтүү үчүн антена курууга Жерге-Тал айылынын А.Жуманазаров атындагы стадионго киргенде оң тарабынан 0,02га  жер тилкеси 5 (беш) жылдык мөөнөткө ижарага берилсин.

2.   Аталган токтом Көк-Арт айыл өкмөтүнүн  kugart.my1.ru расмий сайтына  жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

3.  Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестирине  киргизүү жагы Көк-Арт айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы Г.Акпаралиевага милдеттендирилсин.

4.  Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.

 

Көк-Арт айылдык

Кеңешинин төрагасы

 С.Жуманазаров