Загрузка документа…
КӨК-АРТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Көк-Арт айылдык кеңешинин кезектеги XXX сессиясы
14.02.2022-жыл № 10
Көк-Арт айыл өкмөтүнө караштуу Мазар-Булак айылындагы эски аэропорттун ордун убактылуу ижарага берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 13-7-беренелерин, 11.02.2022-жылдагы К-24 сандуу Койчуманов Канболоттун арызын, Көк-Арт айыл өкмөтүнүн туруктуу жер маселелери боюнча түзүлгөн комиссиясынын № 4-протоколунун негизинде, Көк-Арт айыл өкмөтүнүн башчысынын сунушун угуп жана талкуулап Көк-Арт айылдык кеңешинин VI-чакырылышынын кезектеги XXX-сессиясы токтом кылат:
1. Көк-Арт айыл өкмөтүнө караштуу Мазар-Булак айылындагы эски аэропорттун ордундагы 1,70 га жер тилкеси “Көк-Арт ККМ” унаа айдоочуларды машыктыруучу полигон катары 5 (беш) жылга ижарага берилсин.
2. Мамлекеттин муктаждыгы болуп, жер башка максатта пайдалануу учуру келгенде соттун чечими жок эле ижара келишими бузула тургандыгын ижарачыга эскертилсин.
3. Коопсуздук аракеттерин жүргүзүп жана жанаша жайгашкан жер пайдалануучуларга тоскоолдук же зыян келтирбөө жагы ижарачы К.Койчумановго эскертилсин.
4. Аталган токтом Көк-Арт айыл өкмөтүнүн kugart.my1.ruрасмий сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
5. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестирине киргизүү жагы Көк-Арт айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы Г.Акпаралиевага милдеттендирилсин.
6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.
Көк-Арт айылдык Кеңешинин төрагасы | С.Жуманазаров |