Загрузка документа…
КӨК-АРТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Көк-Арт айылдык кеңешинин кезектеги XXXI сессиясы
4.03.2022-жыл № 13
Көк-Арт айыл өкмөтүнүн жер тилкелерин категорияларын которуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 32 жана 13 беренелерине ылайык Көк-Арт айыл өкмөтүнүн башкаруусунун сунушун угуп жана талкуулап Көк-Арт айылдык кеңешинин VI-чакырылышынын кезектеги XXXI-сессиясы токтом кылат:
1. Көк-Арт айыл өкмөтүнүн Мазар-Булак айылындагы № 286 контурдагы 4,58га кайракы айдоо, №72 контурдагы 4,20га кайракы айдоо, Жерге-Тал айылындагы №344 контурдагы 2,0га кайракы айдоо, жалпысы болуп 10,78га кайракы айдоо жер тилкелерин калктуу конуш категориясына которууга макулдук берилсин.
2. Аталган токтом Көк-Арт айыл өкмөтүнүн kugart.my1.ru расмий сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
3. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестирине киргизүү жагы Көк-Арт айыл өкмөтүнүн жоопту катчысы Г.А.Акпаралиевага милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.
Көк-Арт айылдык Кеңешинин төрагасы | С.Жуманазаров |