Загрузка документа…
КӨК-АРТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Көк-Арт айылдык кеңешинин кезектеги XXXI сессиясы
4.03.2022-жыл № 14
Көк-Арт айыл өкмөтүнүн жер тилкелерин категорияларын которуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 32 жана 13 беренелерине ылайык Көк-Арт айыл өкмөтүнүн башкаруусунун сунушун угуп жана талкуулап Көк-Арт айылдык кеңешинин VI-чакырылышынын кезектеги XXXI-сессиясы токтом кылат:
1. Көк-Арт айыл өкмөтүнүн Жалгыз-Жаңгак айылынын №128 контурдагы 10,40га сугат айдоо, Жерге-Тал айылындагы №154 контурдагы 7,0 га сугат айдоо, жалпысы болуп 17,40га сугат айдоо жер тилкеси кайракы айдоо категориясына которууга макулдук берилсин.
2. Тиешелүү иш-чараларды жүргүзүү жагы Көк-Арт айыл өкмөтүнүн жер адиси Т.Акназаровго милдеттендирилсин.
3. Аталган токтом Көк-Арт айыл өкмөтүнүн kugart.my1.ru расмий сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
4. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестирине киргизүү жагы Көк-Арт айыл өкмөтүнүн жоопту катчысы Г.А.Акпаралиевага милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.
Көк-Арт айылдык Кеңешинин төрагасы | С.Жуманазаров |