Загрузка документа…
КӨК-АРТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Көк-Арт айылдык кеңешинин кезектеги XXXI сессиясы
4.03.2022-жыл № 15
Муниципалдык менчикте турган жер тилкелерин ижарага же жеке менчикке берүү боюнча тооруктарды өткөрүү үчүн комиссиянын курамын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 32 жана 13 беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн № 571 токтомун негиздеп Көк-Арт айыл өкмөтүнүн башкаруусунун сунушун угуп жана талкуулап Көк-Арт айылдык кеңешинин VI-чакырылышынын кезектеги XXXI-сессиясы токтом кылат:
1. Көк-Арт айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчикте турган жер тилкелерин ижарага же жеке менчикке берүү боюнча тооруктарды өткөрүү үчүн төмөндөгүдөй курамда комиссия мүчөлөрү бекитилсин:
1.1 У.Темиров – айылдык кеңештин депутаты – комиссиянын төрагасы;
1.2 К.Маматов - айылдык кеңештин депутаты – комиссиянын мүчөсү;
1.3 А.Шооруков - айылдык кеңештин депутаты – комиссиянын мүчөсү;
1.4 У.Асранов - айылдык кеңештин депутаты – комиссиянын мүчөсү;
1.5 К.Арстанбеков – а/өкмөтбашчысынын орун басары – комиссиянын мүчөсү;
1.6 А.Үңкүрбаев – айыл башчы - комиссиянын мүчөсү;
1.7 Т.Мусаев – айыл башчы - комиссиянын мүчөсү;
1.8 Т.Будайчиев – айыл башчы - комиссиянын мүчөсү;
1.9 Т.Акназаров – жер адис - комиссиянын мүчөсү;
1.10 И.Донов – коомчулуктан - комиссиянын мүчөсү;
1.11 М.Назиров – башкы салык инспектору - комиссиянын мүчөсү.
2. Аталган токтом Көк-Арт айыл өкмөтүнүн kugart.my1.ru расмий сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
3. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестирине киргизүү жагы Көк-Арт айыл өкмөтүнүн жоопту катчысы Г.А.Акпаралиевага милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.
Көк-Арт айылдык Кеңешинин төрагасы | С.Жуманазаров |